Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Бишкектеги көйгөйлөрдү чечүүгө демилгелүү топтор тартылат


Бишкек мэриясы калаа тургундары менен байланышын бекемдейт. Анын негизинде шаардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн калаа башчы Кубанычбек Кулматов борборду өнүктүрүү боюнча программасы менен тааныштырып жатып айтты.

Мэр белгилегендей, жашоочулар менен мэрия ортосунда байланыш жана башкаруу системасы соңку кездери начарлаган.

Кулматовдун 2014-2018-жылдарга пландаган программасынын негизинде шаардагы унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү, жол коопсуздугу боюнча көрнөктөрдү жаңылоо жана башка чаралар иштелип чыгат. Андан сырткары, Ататүрк паркынын аймагынан жер сатууну токтотуу, буга чейин мыйзамсыз сатылган жерлер боюнча иликтөө жүргүзүү жагы да каралган.

Калаадагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө демилгелүү жарандар тобу менен биргеликте жумуш аткарылмакчы.

Бишкекти өнүктүрүү программасы коомчулукка сунушталардан мурда шаардык кеңештин да талкуусуна коюлган. (AzK\SE)

XS
SM
MD
LG