Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Апрель окуясында каза тапкандардын жакындары аянтка чыкты


2010-жылы бийликке каршы чыгып курман болгондордун жакындары бүгүн Ак үйдүн жанына чогулуп, Апрель окуясы боюнча соттун жүрүшүнө нааразы экенин айтышты. Алар окко учкандардын элесине арналып орнотулган эстеликтин жанында мындан аркы кадамдарын талкуулап жатышат. Чогулгандар менен президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов жолугуп, талаптары негиздүү экенин айтып, бирок сот аягына чыкканга чейин сабырдуу болууга чакырды.

Шейшемби күнү Апрель окуясы боюнча сот жараянында прокурорлор элге ок атты деп соттолуп жаткан атайын даярдыктагы аскерлерди актоо сунушуна мерт кеткендердин жакындары нааразы болуп, сот отурумунан чыгып кеткен.

2010-жылы 90го жакын адамдын атылышы боюнча ошол кездеги президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге айып тагылган. Бийликке каршы чыгып курман болгондордун туугандары “Мекен шейиттери” коомун түзгөн. (MiT\SE)

XS
SM
MD
LG