Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Эгемендик тууралуу интернет-макалага каршы акция өттү


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров vesti.kg сайтында кыргызстандыктардын жарымы эгемендиктен баш тартууга макул деген мазмундагы макалага наарызылыгын билдирип бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жанында пикет өткөрдү.

Ал акция учурунда беткап, колуна медициналык резина колкап кийип, аталган сайтты “вирус таратуучу” деп атады. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мындай кабар тараткандарга каршы чара көрүшү керектигин эскертти.

Vesti.kg сайты жогорудагы мазмундагы макаланы өткөн жумада басып чыгарган. Сурамжылоого кимдер катышканы көрсөтүлгөн эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG