Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Бишкекте өрт кырсыгынан эки киши набыт болду


Бишкек шаарынын Манасчы Сагынбай көчөсүндөгү 168-үйдө катталган өрт кырсыгынан эки киши мерт кетти. Дагы эки жаран ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт 3-апрелге караган түнү тутанган. Эки кабаттуу үйдүн чатырына от кетип, №3 батирде жашаган эки айым каза тапты. Айрым батирлерде мүлк толугу бойдон күйүп кетти. Түнкү саат 11де чыккан өрт бүгүн күндүзгү саат 1де өчүрүлдү.

Кырсык катталган үй жыгачтан курулган. (SE)

XS
SM
MD
LG