Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Өлкө түштүгүндө алты миңдей баланын күбөлүгү жок


Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 6 миңге жакын баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу «Ар бир балага үй-бүлө» коомдук фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова билдирди. Аталган уюм үч облустагы 42 айыл өкмөттү кыдырып, күбөлүгү жок балдардын санын аныкташкан.

Уюмдун тыянагына ылайык, балдарга күбөлүк алынбай калышына ата-эненин кайдыгерлиги жана миграция таасир этип жатат.

«Ар бир балага үй-бүлө» коомдук фонду документсиз балдар боюнча иликтөө жүргүзүүнүн алкагында 1200 өспүрүмдүн жакындарына укуктук кеңеш берип, күбөлүк алууга жардамдашууда.

Көмөктөшүү долбоору ЮНИСЕФ тарабынан каржыланган. (YI)

XS
SM
MD
LG