Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Таласта жабыркаган эки милиционер ооруканада


Таластын Бакай-Ата районундагы кен казуу иштерине каршы акцияда 19 милиция кызматкери жабыркап, экөө ооруканага түштү. Алардын абалы салыштырмалуу оор. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов билдирди.

3-апрелде Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургундары Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы митингге чыгып, Талас - Тараз унаа жолун буушкан. Абалды жөнгө салуу үчүн келген күч кызматкерлери менен акция катышуучуларынын ортосунда кагылышуу болгон.

Облустук милициядан кабарлашкандай, бүгүн да жол ачыла элек. Нааразылыкка чыккан 150 чамалуу киши унааларды өткөрбөй турат. Пикет болуп жаткан аймакка жаңы шайланган вице-премьер-министр Абдырхаман Маматалиев жана ички иштер министринин орун басары Калыкбек Сатыбалдиев жөнөп кеткен.

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кишилер каршылык көрсөтүп жаткан кенде “Алтын - Күмүштак Майнинг” деген казакстандык компания чалгындап жаткан болчу.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев каршылык акциясынан улам Шыралжын кениндеги чалгындоо иштерин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алган. (SE)

XS
SM
MD
LG