Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

“Алтын Күмүштак Майнинг» компаниясынын иши текшерилет


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Таластагы Шыралжын кенин иштетүүгө укуктуу «Алтын Күмүштак Майнинг» компаниясынын ишин текшерүүгө буйрук берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Оторбаев жума күнү Шыралжын кенинин айланасындагы окуялар боюнча жыйын өткөрүп, тиешелүү жетекчилерге бул окуянын себебин иликтеп чыгуу тапшырмасын берди. Ага чейин Бакай-Атадагы нааразычылыктан улам Шыралжын кенин иштетүүгө укуктуу «Алтын Күмүштак Майнинг» компаниясы өз ишмердигин убактылуу токтоткону белгилүү болгон.

Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын тургундары Шыралжын алтын кенин иштетүүгө каршы 3-апрелде нааразылык акциясына чыгып, жолду буушкан. Абалды жөнгө салуу үчүн келген күч кызматкерлери менен митингчилер ортосунда чатак чыгып, 19 милиционер жана 4 акция катышуучусу жабыркаган. Кечээ өкмөт мүчөлөрү жергиликтүү эл менен жолуккан соң жол ачылды.(BkA)

XS
SM
MD
LG