Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Демонстранттар Донецкте өкмөттүк имаратты басып алышты


Украинада орусиячыл демонстранттар Донецкте регионалдык өкмөттүн имаратын басып алышты. Өлкөнүн чыгышында жайгашкан дагы бир шаарда демонстранттар Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн кеңсесине кирип келишти.

Донецкте эки миңдей демонстрант аймактык администрациянын алдында пикетке чыгып, кийин алардын бир даары имаратка кирип, Орусиянын желегин орнотушту.

Льюбов деген демонстрант Рейтерге "Мен элимди колдогону келдим, биз Киевдеги бандиттерге, фашизмге каршыбыз. Мен Орусия менен Бажы биримдигин колдойм. Киев бизди укпай жатат. Европа Биримдиги бизди укпайт. Донецкке келип, бизди уккандын ордуна алар Киевдегилердин гана сөзүн угушат" деди.

Кабарларга караганда, полиция демонстрацияларга каршы чара көргөн жок.

XS
SM
MD
LG