Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Бишкекте ири жол кырсыгы катталды


Бүгүн эртең мененки саат 8ден өткөн маалда Бишкекте ири жол кырсыгы катталды. Милициянын айтымында, адам өмүрү үзүлгөн жок, бирок жараат алгандар бар. Азырынча алардын саны такталууда. Тез жардам кызматынын маалыматына караганда, окуя болгон жерге 4 бригада жөнөп кеткен. Доктурлардын алдын ала айтымында, маршруттук унаада кетип бараткан эки киши ооруканага жаткырылды. Алардын бири Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө, экинчиси 4-ооруканага.

Манас проспектинин Горький көчөсү менен кесилишкен жеринде №4 автобус менен №204 маршруттук такси биринен бири ашам деп жатып сүзүшкөн. Маршруттук унаа оодарылып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG