Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Жалал-Абадда оппозицияны колдоо комитети түзүлдү


Жалал-Абадда Улуттук оппозициялык кыймылын колдоо комитети түзүлдү. Анын курамында жети киши бар. Бул тууралуу комитет мүчөсү Дөөлөт Кутчиев кабарлады. Учурда комитеттегилер аймактагы айыл-шаарларды кыдырып, оппозициянын талаптарын элге түшүндүрүп жүрөт.

Ал талаптар: Кумтөр кенин улутташтыруу, “Манас” жана Ош аэропортторунун үлүштөрүн Орусияга бербөө, Батукаевди эркиндикке чыгаргандарды жоопко тартуу, элдик ишенимдеги өкмөт түзүү жана менчиктештирилип кеткен ири ишканаларды мамлекетке кайтаруу.

Улуттук оппозициялык кыймылдын Бишкектеги митинги 10-апрелге белгиленген. Аны менен катар эле Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында да кыймылды колдоо комитети митинг уюштурмакчы. (SE\YA)

XS
SM
MD
LG