Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Келдибековдун тарапкерлери Алайда митинг өткөрүүдө


Митингдин негизги талабы - учурда камакта жаткан депутат Акматбек Келдибековду бошотуу. Акциянын катышуучуларынын бири Урмат Келдибековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, митингчилер Акматбек Келдибековду ден соолугуна байланыштуу камактан чыгарууну талап кылып, эгер ал аткарылбаса, Ош – Эркеч-Там жолун тосорун жана Ош шаарына жөө жүрүш жасарын айтууда. Ушул тапта митингчилердин өкүлдөрү менен Алай районунун акими Таалай Сарыбашев жолугуп сүйлөшүүдө.

Акматбек Келдибеков өткөн жылы ноябрь айында коррупциялык иштерге айыпталып камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG