Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Тендерге катышууну чектеген мыйзам долбоору парламентте жактырылды


Парламент бүгүнкү отурумунда кызмат адамдарынын ишканаларына мамлекеттик тендерге катышууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. ЖК экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин бүтүмү боюнча аталган мыйзам долбоору мамлекеттик тендерлерде кызмат адамдарына таандык ишканалардын катышуусуна тыюу салуу менен тармактагы коррупцияны алдын алууну көздөйт.

Жаңы мыйзамга ылайык, негиздөөчүсү же катышуучусу мамлекеттик кызматта иштеген же алардын жакын туугандарына таандык болгон ишканалар, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган компаниялар мамлекеттик тендерге катыша албайт.

Мамлекеттик кызмат адамдары деген түшүнүккө жогорку саясий, саясий муниципалдык, атайын мамлекеттик кызматтарда жана ошондой эле күч структураларында, прокуратурада иштегендер кирет.

Бүгүн парламентте кабыл алынган мыйзам долбоору эми президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG