Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Горький гүлбагында акция башталууда


Митинг болуучу жерде жүргөн кабарчыбыз Улан Эгизбаевдин маалымдашынча, акция расмий баштала элек. Болжол менен 500 чамалуу киши бар. Акция башталганча келгендерге ырчы-куудулдар концерт берип жатат. Митингдин уюштуруучусу, УОКтун мүчөсү Азимбек Бекназаров ”Азаттыкка” митинг тынч өтөт деп мурда айтылганын белгилеп, бүгүн Бишкектин ар кайсы жерлеринен митингге келген элди Горький гүлбагына жеткире койбой кармап кетип жатканын бийликтин чагымы деп баалады.

Улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта жана айрым облустарда митинг өткөрөрүн маалымдаган. (UEz;ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG