Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата диний жыйындар өтөт


Пайгамбардын туулган күнүнө карата Бишкекте “Куттуу жумалык” деген аталышта диний чогулуш болот. Кожомкул атындагы спорт сарайында 14-апрель күнү өтө турган иш-чарада муфтий Максатбек ажы Токтомушев баш болгон диний аалымдар пайгамбардын өмүрүнөн өрнөктүү окуяларды айтып беришет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарында болсо пайгамбардын туулган күнүнө арналган диний жыйын бүгүн Умар ибн Хаттаб мечитинде өтөрү кабарланууда.

Тарыхый маалыматтарда жазылышынча, Мухаммед пайгамбар апрель айында туулган. Ыйык “Куран” китеби мусулмандарга Мухаммед пайгамбар аркылуу жеткирилгени белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG