Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Пенсионер соттун үстүнөн кылмыш ишин козгоону өтүнүүдө


Бишкектик пенсионер Ольга Гордеева Свердлов райондук сотунун судьясы Зарема Конгантиеванын үстүнөн кылмыш ишин козгоону өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылды. Арызга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-февралында аталган судья жарандык иш менен кайрылган пенсионердин ишин кароодо пенсионер сотко кайра-кайра ишенбөөчүлүк келтиргени үчүн аны 15 суткага эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Арыз ээсинин билдиргени боюнча, сот чечими угузулары менен милиция кызматкерлери аны күчтөп жеке унаа менен милиция бөлүмүнө алып келишкен. Бөлүмгө келген учурда пенсионердин саламаттыгы начарлап, “Тез жардам” кызматы чакырылган.

Юристтердин белгилегени боюнча административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзамга 2013-жылы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, “сотту сыйлабагандыгы” үчүн жарандар 5 суткадан ашык убакытка эркинен ажыратылууга тийиш эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG