Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Жалал-Абадда Жумамүдүн Шералиевге арналган кароо-сынак өтүүдө

Кароо-сынак Кыргыз ССРнин эл артисти, чыгаан обончу Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин залында өтүп жаткан сынакка Шералиев атындагы эл аралык кордун төрайымы Нарынгүл Шералиева баш болгон калыстар тобу баа берүүдө. Калыстар тобунун сынына Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарлары менен Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан келген чыгармачыл топтор менен 40тан ашык жеке өнөрпөздор Шералиевдин ырларын аткарууда. (YA)
XS
SM
MD
LG