Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Рогозин: Орусия Айды жана Марсты өздөштүрөт


Дмитрий Рогозин.
Дмитрий Рогозин.
Бул тууралуу орус вице-премьер министри Дмитрий Рогозин "Российская газетага" билдирди. Орусиянын космосту өздөштүрүү жана аны изилдөө программасынын негизги максаты - Жерден алыс жактарды өздөштүрүү. Бара-бара Айды жана анын орбитасын колонизациялоо, Марсты жана Күн системасынын башка объекттерине туруктуу базаларды куруу.

Рогозиндин айтымында, Орусиянын жакынкы убактагы пландарына Айга 2030-жылдары лаборатория куруу, ал жактагы минералдарды изилдөө, реголиттин суу жасоо жана метеориттерди иликтөө кирет. Москва Марска жана астероиддерге адамдарды учуруу пландары бар экенин да ачыктады.

"Орусия жаралгандан эле улуу космостук держава болуу бактысы бешенесине жазылган", – деди Рогозин. Крымдагы кырдаалдан улам, Американын улуттук космос агенттиги – НАСА Кремл менен кызматташуусун токтоткон. (BAz)

XS
SM
MD
LG