Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Москва: ташталган унаадан кыргыз жаранынын сөөгү чыкты


Белгисиз эки адам 10-апрелдин түнү Москва шаардык №36 ооруканасынын эшигинин астына жүрөк тушуна бычак жеген жигиттин сөөгү салынган унааны калтырып кеткен. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Оорукананын видеокөзөмөлүнө адегенде унааны башкарып келген эки адам оорукананын бек турган эшигин каккылаганы түшкөн. Тез жардам кызматкерлери полицияны чакырганда алардын качып кеткени жазылып калган.

11-апрелде каза болгон адам 26 жаштагы жигит Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Орусия полициясы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун, учурда жансыз денени таштап качкан адамдарды издөө иштери жүрүп жатканын маалымдашкан. (SA)

XS
SM
MD
LG