Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Тажикстанда жер көчкүдөн 13 киши каза тапты


Тажикстандын Куляб облусунда жер көчкүдөн 13 киши набыт болду. "Азаттыктын" кабарчысы окуя болгон жерден маалымдаганына караганда, Шурообод районунун Одинабой айылында түн ичинде ылай 5 үйдү басып калган.

Азыркыга чейин 13 кишинин сөөгү табылды. Калгандарды издөө уланууда.
Жаратылыш кырсыгы болгон аймакта жолдор жабылды. Кошуна кыштактарда да түнкү нөшөрлөгөн жаандан бир нече турак жай ураганы кабарланууда.
Районго чукул кырдаалдар кызматынын бөлүктөрү келишти.

XS
SM
MD
LG