Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Петербургда чет элдиктерге жарандык берүүгө каршы акция өттү


Орусиянын Петербург шаарында “Жарандык өзүбүздүкүлөр үчүн гана!” деген чакырык менен митинг болду. Акция катышуучулары Орусиянын жарандыгын алууну жеңилдетүү боюнча мыйзамдын кабыл алынышына каршы экендиктерин билдиришти.

Жекшемби күнкү митингге “Улуттук-демократиялык партиясынан”, “Улуттук демократтар” кыймылынан жана “Жаңы күч” партиясынан активисттер чогулуп, жалпысынан жүздөн ашуун киши катышты. Мурдараак бул митингди “Прогресс партиясы” да колдоорун айтып, кийинчерээк радикалдык мүнөздөгү акцияларга катышпай турганын жарыялашкан.

Кремль Орусия жарандыгын алууну жеңилдеткен мыйзам долбоорду март айында шашылыш даярдап, өкмөткө сунуштаган.

XS
SM
MD
LG