Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:47

Бишкек - Ошко альтернативалуу жолдун курулушу башталды


Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы унаа жолдун курулушу башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн транспорт жана коммуникация министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолдун алгачкы фазасы Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз жана Арал айылдарында башталып, керектүү техника иштеп жатат.

Буга чейин жолдун курулушун каржылоого Кытайдын "Экспорт-импорт" банкынан 400 миллион доллар насыя алынган. Курулушту үч фаза менен ишке ашыруу мерчемделүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек - Ош жолуна катарлаш түштүк менен түндүктү байланыштыруучу жаңы жол куруу зарылдыгын белгилеп, бул жолдун техника-экономикалык негиздемесин түзүүнү жана каражат табууну өкмөткө тапшырган. Алдын ала эсеп боюнча 460 чакырымдан ашык жолдун курулушуна болжол менен 700 миллион доллар сарпталат. (BkA)

XS
SM
MD
LG