Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Ас-Сиси президенттикке талапкер үчүн зарыл шартты аткарды


Египет -- Абдел Фатах ас-Сиси, Каир, 24-июль, 2013
Египет -- Абдел Фатах ас-Сиси, Каир, 24-июль, 2013
Абдел Фатах ас-Сиси Египет президенттигине талапкерликке зарыл документтерди, анын ичинде кеминде 25 000 адамдын кол тамгасын жана өз саламаттыгы тууралуу маалыматты тапшырды. Египеттин куралдуу күчтөрүнүн мурдакы башчысы ас-Сиси 26-27-майда болчу шайлоодо жеңип чыгары айтылууда. Ас-Сиси Египеттин демократиялуу шайланган президенти Мухаммед Мурсини 2013-жылдын июлунда бийликтен кулатууну уюштурган. Мурси азыр абакта отурат.

Солчул саясатчы Хамдин Саббахи жана адвокат Муртада Мансур президенттик шайлоого катышаарын жарыялап, бирок талапкер деп катталууга зарыл документтерин тапшырыша элек. Президенттикке талапкерлер документтерин 20-апрелден калтырбай тапшырууга тийиш. Шайлоого коё берилгендердин тизмеси 2-майда жарыяланат.

XS
SM
MD
LG