Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Украинадагы кырдаал Путиндин “көңүл борборунда”

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы окуяларга “аябай тынчсыздануу менен байкоо салууда”. Бул жөнүндө Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 14-апрелде билдирди. Ал "Путинге Чыгыш Украинадан эсепсиз адамдар кайрылып, жардам сурашууда" деди. Бирок Песков алар кандай жардам сураганын айткан жок.

Украинанын чыгышындагы Донецкиде жана Словянскидеги орусиячыл активисттер бийликтин 14-апрелде эртең мененки саат 9дан кечикпей имараттарды бошотуу жөнүндө талабын аткарган жок. Буга байланыштуу Украин өкмөтү Украинанын чыгышында “антитеррордук операция” өткөрүлөт деп жарыялады.
XS
SM
MD
LG