Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Дещица: Жикчилерди Орусия колдогонун ырастаган далилдер бар


Украинанын тышкы иштер министринин айтымында, өлкө чыгышындагы жикчилердин тополоңуна Орусиянын катышканын тастыктаган далилдер бар. Министрдин милдетин аткаруучу Андрей Дещица «Азаттык» радиосуна берген интервьюда далилдер бир нече фактыларга негизделген деди: "Биринчиден, орусиялыктар, келгиле аларды Украинанын чыгыш региондорундагы имараттарды басып алган жикчилер деп атайлы, чыгыш региондордогу Украинанын коопсуздук кызматтарынын же полициясынын уурдалган орус армиясынын автоматтык куралдарын колдонушууда. Экинчиден, орус аскерлери Крымда пайдаланган форманы кийип жүрүшөт. Үчүнчүдөн, алар Орусиянын байланыш каналдарын пайдаланышууда".

АКШ жана башка Батыш мамлекеттери Орусияны жикчилер уюштурган тополоңдун артында турат деп күнөөлөшкөн. Айыптоону Москва четке каккан.

Андрей Дещица ошондой эле бийликтен оодарылган президент Янукович жикчилерди каржылаганын айтып, бирок эч кандай далил келтирген жок.
Февралдын аягында бийликтен кулатылган Янукович Орусияга өтө качкан.

XS
SM
MD
LG