Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясий концепция өзгөрөт


Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясий концепцияга өзгөртүү киргизилет. 15-апрелден 25-апрелге чейин аймактарда концепция талкууланып, жаңы сунуштар кабыл алынат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Кубаныч Абакиров билдирди.

Бул багытта 2006-жылы да концепция кабыл алынган. Бирок андан бери диний абал өзгөргөнүнө байланыштуу ага толуктоо киргизүү зарыл болуп турат. Абакировдун айтымында, Буга диний агымдардын көбөйүшү жана айрым радикалдык күчтөрдүн ишмердүүлүгү да себеп болууда.

Быйыл 3-февралда Коргоо кеңеши жыйын куруп, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясий концепцияны жаңыртуу чечими кабыл алынган.

Концепцияны талкуулоо бүгүн Ошто башталды. Коомдук угуулар бардык аймактарда өтүп, 25-апрелде Таласта жыйынтыкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG