Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Пулитцер сыйлыгы “Вашингтон Пост” жана “Гардианга” ыйгарылды


"The Washington Post" жана "Guardian" (Лондон) гезиттери Эдвард Сноудендин жана АКШнын Улуттук коопсуздук кызматы NSAнын жашыруун ишкердигин чагылдырган макалалары үчүн Пулитцер сыйлыгына татыктуу болду. АКШнын коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Сноудендин NSAдин интернет жана уюлдук телефондордон айрым учурда дүйнө лидерлерин тыңшап, мыйзамсыз маалымат топтогонун ашкере кылган маалыматтарды жарыялаган. Эки гезиттин макалалары чоң нараазылык жаратып, АКШ жетекчилигин жашыруун программага уруксат берген мыйзамды кайра карап чыкканга мажбурлаган. Сноуден былтыр июнда Орусиядан башпаанек тапкан. Пулитцер премиясы адабият, журналистика, театр, музыка тармагында ыйгарылчу АКШдагы эң абройлуу сыйлык.

XS
SM
MD
LG