Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Лавров орусиячыл жикчилерге каршы күч колдонбоого чакырды


Орусиянын тышкы иштер министри Чыгыш Украинадагы кризисти жөндөө үчүн күч колдонбоого чакырды. Сергей Лавров 15-апрелде Бээжиндеги сапары маалында күч колдонуу 17-апрелде Женевада болот деп пландалган төрт тараптуу сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратат деп эскертти.

Украинанын чыгыш аймагындагы кеминде 10 шаарда орусиячыл жикчилер өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан. Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов 15-апрелге оогон түнү коопсуздук күчтөрү Донецк облусунда “антитеррордук операцияны” баштаганын; кылмыштуулукту, терроризмди токтотуу операциясы ырааттуу жүргүзүлөрүн бүгүн Жогорку Радада билдирди. Москванын Украинадагы саясатына токтолуп: “Орусия Федерациясынын планы жапайы бойдон калууда. Алар Донбасска элдин эмес, бүтүндөй түштүккө жана чыгышка: Харьковдон тартып, Одесса облусуна чейин от коюуну каалайт”,- деди Турчинов.

XS
SM
MD
LG