Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Крамоторскто орусиячыл жикчилдерге каршы операция өтүүдө


Маалыматтарга караганда, Украинанын коопсуздук күчтөрү өлкө чыгышындагы Крамоторск шаарында орусиячыл топторго каршы операция жүргүзө баштады. Крамоторск аэропортунда атышуулар болгону кабарланды. Орусиянын Интерфакс агенттигинин билдиришинче, атышууда Донбасстагы орусиячыл ыктыярдуу топтун башчысы Сергей Цыплатков жана топтун эки мүчөсү жарадар болгон.

Рейтер жаңылыктар агенттигинин күбөлөргө шилтеп кабарлашынча, Крамоторск аэропортуна эки тик учак украин аскерлерин алып келип түшүргөн.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Чыгыш Украинадагы кризисти жөндөө үчүн күч колдонбоого чакырган эле. Ал күч колдонуу 17-апрелде Женевада болчу төрт тараптуу сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратат деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG