Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Крамоторск орусиячылдардан бошотулду, кезек Славянскиде


Украинанын коопсуздук күчтөрү өлкө чыгышындагы Крамоторск шаарында орусиячыл топторго каршы операция жүргүзө баштады. Крамоторск аэропортунда атышуулар болгону кабарланды. Орусиянын Интерфакс агенттиги күбөлөргө таянып, аэропортту украиналык аскерлер ээлегенин билдирди. Бронетехникалар коштогон Украинанын күчтөрү орусиячылдар басып алган Славянск шаарынын четине жетти.

Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов 14-апрелде өлкө чыгышындагы 10 шаарда өкмөттүк бийлик орнотуларын, керек болсо күч колдонуларын жарыя кылган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Чыгыш Украинадагы кризисти жөндөө үчүн күч колдонбоого чакырган эле. Күч колдонуу 17-апрелде Женевада болчу төрт тараптуу сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратат деп эскерткен ал.

XS
SM
MD
LG