Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Дагестанда төрт согушкер өлтүрүлдү


Атайын операциянын жүрүшүндө Дагестанда төрт согушкер өлтүрүлдү. Орусиянын улуттук антитеррордук комитети билдиргендей, экстремисттер Махачкаладагы үйлөрдүн биринде шейшембиде жок кылынды. Алгач алар күч кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Аскерлер үйдөгү эки баланы жана согушкерлердин биринин аялын короодон чыгарып, имаратты курчоого алышкан. Атышуунун натыйжасында үйдөгү төрт адам жан таслим эткен.

Соңку кездери Дагестанда согушкерлердин аскер адамдарына жана жергиликтүү аткаминерлерге кол салган фактылар көбөйгөн.

Өлтүрүлгөн экстремисттер кайсы диний агымдын өкүлдөрү экени айта элек.

XS
SM
MD
LG