Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Өз укугун коргоого умтулгандардын саны өсүүдө


Кыргызстанда адам укуктарынын бузулушу боюнча даттануулар көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Депутаттын айтымында, кыйноолорду азайтуу боюнча улуттук борбордун жана Акыйкатчы институтунун 2013-жылга карата баяндамасы муну тастыктайт.

Талдоолор көрсөткөндөй, арыздардын көбөйүшү - жарандарда өз укугун коргоо боюнча маалымдуулуктун өскөнүн тастыктайт. Буга чейин калк арасында укугу бузулгандардын көпчүлүгү эч жакка арызданган эмес.

Бекматовдун айтымында, күн ара жардам сурап депутаттарга кайрылгандардын дээрлик баары сот жана укук коргоо кызматкерлеринин адилетсиздигине даттанышат.

Өткөн жылы кыйноолорду азайтуу боюнча Улуттук борбор түзүлгөн. Мекеме тарабынан бир жыл ичинде Башкы прокуратурага абактардагы укук бузуулар боюнча 221 кайрылуу жиберилген. Алардын 30дан ашуунуна чара көрүлгөнү борбордун маалыматында айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG