Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Укук коргоочулар ЖККУ келишимин кайра кароону талап кылууда


Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна катышуу шарттарын тез арада кайра карап чыгуусу керек. Мындай билдирүү менен бүгүн "Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши" чыкты. Билдирүүдө "Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясынан улам Жогорку Кеңеш өз шайлоочуларына "ЖККУ шарттары кыргызстандык аскерлердин Орусия тарапта Украинага каршы күрөшүүгө милдеттендиреби же жокпу?" деген суроого жооп бериши керектиги айтылат.

Укук коргоочулар 27-мартта БУУнун Башкы ассамблеясы Украинанын аймактык бүтүндүгү боюнча резолюция кабыл алганын, анда бир мамлекет экинчи мамлекеттин жерин коркутуп-үркүтүп басып алууга акысы жок деп айтылганын да эске салды. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG