Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:26

Орусиядагы кыргыздардын 55% кара жумушта иштейт


Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын 55 пайызы тейлөө тармагында, башкача айтканда, кара жумушта эмгектенет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” маалымдады.

Анын айтымында, мурда мигранттар жалаң оор жумушта иштеп келген болсо азыр аз-аздан жеңилирээгинде иштей баштады. Мигранттардын 19% курулушта, 6,3% транспорт жана байланыш тармагында, 4,5% соодада, 1,2% кайра иштетүү өнөр жайында эмгектенет.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматында Орусиядагы кыргыз мигранттарынын жалпы саны 550 миң болсо, бейрасмий 700 миңден ашары айтылып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG