Орусиянын тышкы иштер министри ошондой эле Украина бийликтерин орус тилдүүлөр менен токтоосуз сүйлөшүүгө үндөдү.
«Биз кырдаалдын тынчышын камсыздоого аракет кылабыз. Киев өкмөтүнүн Украинанын түштүк-чыгышында жашаган украин жарандарынын талаптарын сыйлап, кырдаалды жөнгө салуу үчүн алар менен кечиктирбестен, сүйлөшүү башташына жетишебиз. Коопсуздук кызматтарын, айрыкча армияны пайдалануунун кереги жок, буга Украинанын мыйзамдары тыюу салат", - деди Сергей Лавров Вьетнамда сүйлөгөн сөзүндө.
Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин «Украина жарандык согуштун босогосунда турат» деп эскерткен. Ал эми Украинада президенттикке талапкер жана мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко украиндерди Орусиянын баскынчылыгынан өлкөнү коргоого үндөдү.