Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Түштүк Осетияда кармалган грузин журналисттери бошотулду


Түштүк Осетияда орус чек арачылары кармаган Грузиянын TV3 телекомпаниясынын кызматкерлери бошотулду.

Журналист Бела Закидзе, оператор Вахтанг Лекиашвили жана техник Михаил Михоева 15-апрель күнү тактала эле чек ара тилкесинде кармалган болчу.
Журналисттер ал жакка чек ара маселесине арналган көрсөтүү даярдаганы барган. Алар “чек араны мыйзамсыз кесип өттү” деген негиз менен эки күн убактылуу кармоочу жайда отурду.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 17-апрелде телевидение өкүлдөрү бошотулду.

Түштүк Осетия менен Абхазияда Орусиянын аскер күчтөрү жайгашкан. 2008-жылы Тбилиси менен кыска согушуудан соң эки аймакты Москва көз карандысыз мамлекет катары тааныган.

XS
SM
MD
LG