Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

Оторбаев: Өкмөт чек ара маселелерин чечүүгө артыкчылык берет


Чек ара маселелерин чечүүгө кыргыз өкмөтү артыкчылык берет. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн “Азаттыкка” маегинде билдирди. Оторбаев ушул апта соңунда Баткен облусуна иш сапар менен барып, чек арадагы абал менен таанышат. Ошондой эле ал жакын арада Тажикстандын өкмөт башчысы менен жолугуп, чек ара маселесин талкуулайт. Премьер-министр чек ара маселеси узак убакытты талап кылса да аны өлкө үчүн оңунан чечүүгө аракет жасалат.

Ошону менен катар өкмөт жаңы жумуш орундарын түзүү, инвестициялык климатты жакшыртууга көңүл бурат.

Жоомарт Оторбаевдин маеги толугу менен бүгүн “Азаттыктын” кечки берүүлөрүнөн уктурулат.

XS
SM
MD
LG