Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:33

Женевада Украин кризисин жөнгө салуу келишимине жетишилди


Украина, Орусия, АКШ жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча лидерлери Украинадагы кризисти жөнгө салуунун жолдору такталган келишимге жетишкенин жарыялашты.

17-апрелде Женевада болгон сүйлөшүүгө АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров, Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Кэтрин Эштон жана украин тышкы иштер министри Андрей Дещица катышып, алардын талкуусу жети саатка созулду.

Жыйын соңунда журналисттердин суроолоруна жооп берген Жон Керри буларга токтолду:

- Украинадагы куралдуу топтор шаарлардагы өкмөттүк имараттарды басып алууну токтотушу зарыл. Көчөлөр менен аянттарды бошотуп, зомбулукка барбашы керек. Биздин талкуунун негизин ушул маселелер түздү.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Женевадагы төрт тараптуу сүйлөшүүлөрдүн башкы жыйынтыгы катары “Украинадагы кризисти украиндер гана чече алат” деген маселеде мунаса табылганын белгиледи.

Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк Женевадагы талкуунун жыйынтыгы күтүлгөн натыйжа берерине жана Москва өкүлүнүн каалоосуна ишенбей турганын айтты.

XS
SM
MD
LG