Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Быйыл электр энергиясы сыртка сатылбайт


Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев бүгүн парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыркы кургакчылыкка байланыштуу Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү топтолгон жок. Мындан улам быйыл Казакстанга электр энергиясын экспорттоону убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды.

Артыкбаевдин маалыматы боюнча, ушу тапта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард кубду түзүүдө. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир кыйла аз. (BkA)

XS
SM
MD
LG