Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Кишинев Путиндин сөзүнө түйшөлүүдө


Молдова өкмөтү жикчил Днестровье регионунун кайрылуусуна Орусия кандай жооп берерин күтүүдө. Бул жөнүндө Молдованын тышкы иштер министри Наталья Герман 18-апрелде “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюда айтты.

Днестровьенин парламентарийлери 16-апрелде Орусия президенти В. Путинге, Думага, БУУ жана ЕККУга кайрылып, региондун күнкорсуздугун таанууну суранышкан. Көпчүлүк эли орус тилдүү Днестровье 1992-жылкы Молдова менен болгон кыска согуштан кийин өзүн төбөлсүз республика деп жарыялаган жана 2006-жылы эгемендик боюнча референдум өткөргөн.

Германдын айтымында, Кишинев Путиндин 17-апрелде элдин суроолоруна жооп берип жатып, талаштуу аймактардын калкы өз тагдырын өзү чечүүгө акылуу деген сөзүн “кулагына түйөт”. Герман, ошондой эле, бардык тараптарды бир жактуу билдирүүлөрдү жасабоого же Днестровье чатагын жөндөө боюнча сүйлөшүүгө зыян келтирчү аракеттерди жасабоого үндөдү.

XS
SM
MD
LG