Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Армения Бажы үчилтигине май же июнда кошулат


Армения Бажы биримдигине кошулуу жөнүндөгү келишимге майда же июнда кол коет. 18-апрелде Армениянын экономика министри Ваграм Аванисяндын билдиришинче, Ереван Бажы үчилтигине кирүү боюнча жол картасы менен Орусия, Беларус жана Казакстандын президенттерин 29-апрелде Минск шаарында тааныштырат.

17-апрелде маалымат булактары Аванисянга шилтеп, Армения Бажы биримдигине 29-апрелде кол коет деп кабарлашкан. Бирок келерки күнү бул кабарды Аванисян жаңылыш басылган маалымат деп төгүндөгөн.

Орусия Бажы биримдиги 2015-жылы Евробиримдик үлгүсүндөгү Евразия экономикалык союзуна айлантылат деп, уюмга мурдагы советтик республикаларды тартууга аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG