Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Тарса дүйнөсү Пасханы майрамдашууда


Дүйнөдөгү миллиондогон тарсалар Пасханы – Иса пайгамбардын кайра тирилгенин майрамдашууда. Узак жылдардан бери биринчи жолу православ жана католик дининдегилер Пасханы бир күндө белгилешүүдө. 19-апрелде шамда Римдеги жана Иерусалимдеги чиркөөлөрдө миңдеген тарсалар катышкан ибадаттар өттү. Католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүндө болгон зыяпатта динзарларды өз ишениминин негизин түшүнүп аңдоого үндөдү.

Иса пайгамбар 2 миң жыл илгери крестке асылган деп айтылган Иерусалимдеги Ыйык Сагана чиркөөсүндө адаттагы “Ыйык от” салтанатына да миңдеген зыяратчылар чогулду. Украин ортодокс чиркөөсүнүн башчысы Филарет кутпа сөзүндө Орусияны “өз ыктыяры менен атомдук куралдарынан баш тарткан жоош-момун Украинага” каршы “баскынчылыгын” сындады. Орус православ чиркөөсүнүн партиархы Кирилл Москвадагы Христос куткаруучу кафедралдык соборундагы зыяпатта “Ыйык Орусияны бүлүнтүүнү каалагандарды” Кудай жазалайт, Украина Орусиядан “саясый жактан” бөлүнгөнү менен “руху жана тарыхы жагынан Орусия менен бир” деди.

XS
SM
MD
LG