Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Ооганстандагы шайлоодо Абдулла Абдулла алдыда келатат


Ооганстанда 5-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы чыга баштады. Шайлоо комиссиясынын 20-апрелдеги маалыматы боюнча, добуштардын 50% саналып, анын жыйынтыгы боюнча Абдулла Абдулла 44.4% менен биринчи орунда келатат. Анын жакын атаандашы Ашрав Гани 33.2% добуш менен экинчи орунда.

Добуштарды саноо 14-майда аяктайт. Кайсы бир талапкер биринчи турда жеңишке жетиши үчүн 50% көп добуш алууга тийиш. Эгерде буга бир дагы талапкер жетпесе, анда шайлоонун экинчи айлампасы майдын аягында болот. (AiT)

XS
SM
MD
LG