Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Тогуз миң дыйкан жеңилдетилген насыя алды


Быйылкы жылдын эсебинен жеңилдетилген насыя бүгүнкү күнгө карата тогуз миңге жакын дыйкан, фермерге берилди. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, 8 799 насыянын жалпы суммасы 2 миллиард 685 миллион сомду түздү.


Эң көп Жалал-Абад (1 782 насыя) облусунун дыйкандарына берилди. Чүйгө 1 596, Ошко 1 547, Ысык-Көлгө 1 303, Таласка 970, Нарынга 849 жана Баткен облусуна 752 насыя тийди.

Быйыл өкмөт 5 миллиард сомду дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген насыя түрүндө берүүнү пландоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG