Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

КТРКда "Маданият" телеканалы ачылды


Бүгүн КТРКда “Маданият” телеканалынын ачылышы өттү.

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев билдиргендей, "Маданият" өлкөдөгү маданий баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого багытталат. Жаңы жана мурда тартылган фильм, спектакль, берүүлөр көрсөтүлөт.

- Бул канал “Музыка”, “Баластан” катарындагы келечекте элге бекер көрсөтүлө турган социалдык пакетке кирмекчи, - дейт Оторбаев.

“Маданият” КТРКнын курамындагы "Коомдук биринчи канал", "Музыка" жана "Баластандан" кийинки төртүнчү телеканал. Анда маданият, искусство, сүрөт, живопись, музыка жана адабият боюнча көрсөтүүлөр чыгып турмакчы. (RK)

XS
SM
MD
LG