Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Өзбекстан чек арага жакын жерде аскердик машыгууларды өткөрүүдө


Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, машыгууларды 22-апрелде Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү Кыргызстандын чек арасына жакын жерде өткөрдү. Алар ошондой эле чек ара тилкесинде жайгашкан өзбекстандык инженердик-тосмолорунда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшкөн. Жалал-Абад облусунун тургундары өзбекстандык тик учактар Кыргызстан аймагына өткөн учурлар болгонун билдиришкен. Бирок Чек ара кызматы мамлекеттик чек ара абадан жана жерден бузулганы катталбаганын жана кырдаалга көз салып турганын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG