Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Тажик президенти Орусия менен байланышты бекемдөөгө чакырды


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон парламентке жана өлкөгө жылдык кайрылуусунда жарандарды "геосаясый өзгөрүүлөрдөн улам саясый жактан кыраакы болууга" чакырды.

23-апрелде парламентте сүйлөгөн сөзүндө Рахмон Орусия менен экономикалык жана саясый байланышты бекемдөөгө чакырды. Ал Москва менен болгон мамилеге артыкчылык берилерин баса белгиледи.

Ошондой эле президент Тажикстан үчүн Кытай, АКШ жана Тынч океан аймагындагы өлкөлөр менен алака-катыш маанилүү экенин кошумчалады.

Рахмон “Рогун дамбасын куруу улантылат” деп сөз берди. Анын айтымында, эл аралык эксперттер дамбанын аймакка келтире турган социалдык жана экологиялык болжолдуу кесепеттерин быйыл жайда аныктап бүтөт.

Рогун дамбасынын курулушуна коңшу Өзбекстан экологиялык маселелерден улам каршы чыккан.

Бул 2013-жылдын ноябрь айында өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийин Эмомали Рахмондун биринчи кайрылуусу. Ал төртүнчү жолку президенттик мөөнөтүн өтөөдө.

XS
SM
MD
LG