Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Түркия премьери каза болгон армян урпактарына көңүл айтты.


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Биринчи дүйнөлүк согушта Осмон империясында каза болгон армяндардын урпактарына көңүл айтты. Алардын өлүмүн Эрдоган “жалпыбыздын кайгыбыз” деп атады. Анын айтымында, ал окуялардын кесепеттери адамкерчиликсиз болгон, бирок азыр алар Түркияга болгон душмандык көз караштын себеби болбош керек.

“Тарых эч качан армян менен түрктөрдүн ортосундагы гумандуу мамилеге тоскоол болбошу керек”, - деп кошумчалады Эрдоган.

Бул билдирүүнү Эрдоган 1915-жылкы армяндардын массалык депортациясынын 99 жылдыгына карата сүйлөгөн сөзүндө жасады. Ал жылдардагы окуяны көптөр 20 кылымдын биринчи геноциди деп сыпаатташат.

Армян бийликтери Осмон империясындагы бир жарым миллион армяндын кырылышын Түркия геноцид деп таануу керек деген талапты коюп келишет.

Анкара геноцид фактын четке кагып, жүз миңдеген армяндар согуш учурунда жана ачкачылыктан каза болгон деп моюнга албай келет.

XS
SM
MD
LG