Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Ала-Букада кендерге байланыштуу нааразылык чыгууда


Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жергиликтүү тургундар аймакта алтын кенин иштетип жаткан төрт компанияны жабууну талап кылууда. Кабарчыбыздын айтымында, алар "Долина Кассана", "Альянс", "Эвентус", "Чаткал-17" аттуу жоопкерчилиги чектелген кен ылгоочу ишканаларга нааразы.

Алар жергиликтүү тургундарды жумушка алуу убадасын аткарбай, рекультивация жүргүзбөй, 2% салык төлөбөй жатканы айтылууда.

Район акими Алымкул Кулуев бул компаниялар бир жылдан бери райондук бийлик менен байланышы жок экенин билдирди. Аларды жабуу тууралуу өткөн айда айыл депутаттары менен жергиликтүү тургундардан турган 150-200 адамдын колу коюлган кайрылуу түшкөн.

Ишканалардын өзүнөн комментарий алуу мүмкүн болбоду. (YA)

XS
SM
MD
LG