Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Зина Асанкожоева жаңы кызматка дайындалды


Президенттин 23-апрелдеги жарлыгы менен Зина Асанкожоева КМШ Экономикалык кеңешине караштуу Экономикалык маселелер боюнча комиссияга Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен бул кызматта мурда иштеген Илья Клименко бошотулду.

Зина Асанкожоева Улуттук банктын төрайымдыгынан өткөн жума өз арызынын негизинде бошотулган эле. Жыл башында өлкөдө улуттук валюта кескин арзандап кеткенде Асанкожоеванын дарегине көп сын айтылган. Бирок анын иштен кетишинин негизги себеби үй-бүлөлүк шартына байланыштуу экени расмий жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG