Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:45

Токтогулдуктар өкмөттү сотко бергени жатат


"Токтогул ГЭСин курууда жабыр тарткандарга компенсация төлөө жөнүндө" КРнын мыйзамынын кээ бир беренелери аткарылбай жатканын билдирип райондун демилгелүү тобу өкмөттү сотко бергени жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" жергиликтүү тургун, Апрель революциясынын баатыры Жайлообай Ташыкул уулу билдирди.

Анын айтымында, 1998-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, Токтогулдун жана Кара-Көл шаарына караган Жазыкечүү айылынын жашоочуларына электр энергиясы ГЭСтен иштелип чыккан өздүк баасында берүү каралган. Бирок бул мыйзам бүгүнкү күндө аткарылбай, токтогулдуктар электр үчүн башка жарандардай эле 70 тыйындан төлөп, 120 миң жашоочунун укугу тебелегенгени айтылып, өкмөткө каршы доо арыз даярдалууда.

Райондун акими Токтосун Барманов бул маселе боюнча өкмөткө кайрылуу жолдонгонун, учурда калк айына 150 киловаттка чейин 4 тыйындан, андан ашса 70 тыйындан төлөп жатканын билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG